Биз социалдык тармакта

Ошто инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган семинар өттү

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган «Инвестициялык багыт: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аттуу семинар өткөрүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйынга агенттиктин директору Равшанбек Сабиров, Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мирланбек Орозбаев жана бизнес менен инвестиция тармагындагы өкүлдөр катышты.

Семинардын негизги максаты:

* инвестициялык кызматташууну күчөтүү;
* аймактык долбоорлорду колдоо;
* мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара байланышын жакшыртуу;
* инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүү болду.

Талкуу учурунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу, уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана инвесторлор туш болгон көйгөйлөрдү чечүү маселелери каралды.

Панелдик сессияда ишкерлер өздөрүнүн сунуштарын жана көйгөйлөрүн түздөн-түз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жеткирип, тиешелүү жоопторду алышты.

Бул сыяктуу жолугушуулар аймактардагы инвестициялык климатты жакшыртууга жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан