Бишкекте жолдун ортосунда мушташкан эки айдоочу аныкталды. Алардын видеосу интернет желесине тараган болчу.
Свердлов райондук милициясы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштап, жыйынтыгында аталган жарандар аныкталды. Алар: 1998-жылы туулган Н.К. жана 1974-жылы туулган К.К. болуп чыкты.
Аталган жарандарга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү. Материалдар Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү.