Орусияда иштеп, бирок эмгек акысын ала албай келген Кыргызстандын жаранына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, У.О. аттуу жаран иш берүүчү тарабынан төлөнбөй калган эмгек акысын өндүрүп берүү өтүнүчү менен министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылды.
Аталган өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында жаранга жалпы суммасы 558 миң рубль болгон эмгек акысы толук көлөмдө төлөтүлдү.