Биз социалдык тармакта

Нарында селдин алдын алуу үчүн 260 метрлик канал курулду

Нарын шаарынын Матен Сыдыков аймагында сел агымдарын алып өтүүчү 260 метрлик канал казылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Нарын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда Чыргайлуу көчөсүндө сел агымын алып өтүүчү арык салынып, Бейшеналиева көчөсүндөгү коктуга сел тосмо курууга даярдыктар жүрүүдө.
Мындан тышкары, РТС чөлкөмүндөгү Жетиген, Ак Коргон аймагындагы Чоң-Чыргайлуу, Атакан коктусуна жана Бейшеналиев көчөсүндөгү Суу сактагыч коктусуна таш менен толтурулган тор тосмолор курулары кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан