Бишкектин Көк-Жар айылында курулуп жаткан имараттан 49 жаштагы киши кулап каза тапты. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта айтылгандай, кырсык кечээ, 10-июнда болгон. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан алган жаракатынан улам каза болгон.
Зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.