Нарын шаарында 100 койкалуу төрөткана курулууда. Курулуш министрлиги объекттин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталганын билдирди.
Башкы планга ылайык, имарат үч кабаттуу болот. Анда ашкана, дарыгердин кабинети жана стерилдөө бөлмөлөрү жайгаштырылат.
Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.