Трансулуттук баңги тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал Ооганстан – Тажикстан – Кыргызстан багыты аркылуу КМШ өлкөлөрүнө баңгизат ташууну уюштурган трансулуттук топтун мүчөсү болгонун белгилейт. Ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүдөн ири көлөмдөгү гашиш баңгизаты алынган.
Учурда кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүүдө.