Бишкек шаарынын аймагында кечээ, 10-июндагы катуу шамалдын кесепетинен жалпы 37 дарак кулап, 1 көп кабаттуу үйдүн, 1 турак үйдүн, 1 кампанын чатырлары учту жана 3 унаа жабыркаган.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, "Бишкекжашылкурулуш" ишканасынан жана жергиликтүү бийлик органдарынан кызматкерлер ыкчам аракеттерин көрүштү.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдын ылдамдыгы секундуна 9-24 метрге жеткен. Каза болгон жана жабыркаган жарандар катталган жок.