Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыядагы окуучунун өлүмү: Милиция айтылган маалыматтарды тастыктады

Кызыл-Кыя шаарындагы окуучунун өлүмү боюнча үч өспүрүм жана эки милиция кызматкери кармалганын Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, өспүрүмдөр Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча камакка алынышкан. Ал эми милиция кызматкерлери Кылмыш жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) менен менен кармалышып, алардын үстүнөн кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле аталган иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 27-майда калаадагы эс алуучу жайда болгон жаңжалдан окуучу каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан