Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин аймагынан өтө турган унаа жолдору тууралуу маалымат берди.
Ал соцтармактагы баракчасына бул боюнча түшүндүрмө жасаган видео жүктөдү. Вице-мэрдин айтымында, Бакаев көчөсү Түштүк магистралга чейин чыгарылат. Ал эми Миңжылкиев көчөсү Айтматов кең көчөсүнөн Тыналиев көчөсүнө чейин салынат. Алиев жол салуу учурунда эч кандай бак-дарактар кыйылбай турганын кошумчалады.
Ал жол куруу долбоору 2016-жылы эле бекитилгенин, бул боюнча университеттин жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Буга чейин социалдык тармактарда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тосмолорун алууда каршылык көрсөтүүлөр болгону тартылган видео тараган.