Чолпон-Ата шаарындагы жаңы курулган веложолдо Kia үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан айдоочуга чара көрүлдү.
Милициянын кайгуул кызматы маалымдагандай, айдоочу ден соолугуна байланыштуу байкабай веложолдо унаасын айдап алган. Учурда ага карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.