Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында катуу шамалдан улам жыртылып калган мамлекеттик туу убактылуу түшүрүлгөн учурда 11 жаштагы Амирхан кичинекей тууну көтөрүп, жамгырга жана шамалга карабай аянтта тик турду.
Өспүрүмдүн бул аракети социалдык тармактарда кеңири таралып, көпчүлүктүн суктануусун жаратты. Интернет колдонуучулары анын кадамын мекенчилдиктин жана мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйдын үлгүсү катары баалашууда.
Кийин туу жаңыртылды.