Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тарыхында биринчи жолу ачылыш оюнунда дароо үч футболчу кызыл айып кагазын алып, талаадан четтетилди.
А тайпасынын алкагында Мехико шаарындагы "Ацтека" стадионунда Мексика менен Түштүк Африка курама командалары беттешип, оюн мексикалыктардын 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Беттештин 50-мүнөтүндө Түштүк Африканын жарым коргоочусу Сфефело Ситхоле эреже бузганы үчүн кызыл айып кагазын алып, оюндан чыкты. Оюндун 84-мүнөтүндө бразилиялык башкы калыс Вилтон Сампайо VAR системи аркылуу эпизодду карап чыгып, түштүк африкалык Темба Званеге атаандашын урганы үчүн дагы бир кызыл айып кагаз көрсөттү.
Ал эми кошумча убакытта Мексиканын капитаны Сесар Монтес атаандашынын кооптуу чабуулун токтоткону үчүн кызыл айып кагазын алып, талаадан четтетилди.
Ошентип Дүйнө чемпиондугунун ачылыш оюнунда тарыхта биринчи жолу үч кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, бул беттеш турнирдин тарыхындагы өзгөчө оюндардын бири катары катталды.