“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесиндеги асфальт жабуусунун сапаты текшерилди.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, адистер тарабынан керн үлгүлөрү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы - аткарылган иштердин сапаты жана алардын ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келе тургандыгын көрсөткөн.