Бишкектеги №24 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалымдалгандай, мектептин кызматкерлери тарабынан окуучулардын ата-энелеринен мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мыйзамсыз 1 миллион 131 миң 450 сом чогултулган. Акчанын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин кызматкеринин жашаган жеринде сакталгандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.