10-июнда Бишкек–Ош унаа жолунун 95-чакырымында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүктөн түндүккө бараткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Андан соң кырсыкка Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа кабылган.
Кырсыктын кесепетинен 2 айдоочу ар кандай дене жаракаттары менен ооруканага кайрылган.