Бишкекте 9 айлык наристе көчөдө жайгашкан ажаткананын чуңкуруна түшүп кетип каза болду. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык 12-июнь күнү Түлөбердиев көчөсүндөгү жеке турак үйдүн аймагында болгон.
Окуя болгон жерге куткаруучулар чакырылып, алар наристенин сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.