Орусиянын Екатеринбург шаарында катталган жол кырсыгына байланыштуу 49 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнда Екатеринбургда автобус катышкан жол кырсыгы болгон. Анын кесепетинен төрт адам каза болгон. Факт боюнча автобустун кыргызстандык айдоочусуна карата кылмыш иши козголгон.
Министрлик аталган иш көзөмөлгө алынганын кошумчалады.