Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип 56 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал мас абалында Балбан-Таймаш жаңы конушундагы үйүндө жаңжал чыгарып, жубайынын тынчын алып, аны орой жана адепсиз сөздөр менен кемсинткен. Бул боюнча жубайы арыз жазып, ал кармалган.
Бирок жабырлануучу жолдошунун унааны өрттөп жибергени тууралуу арыз жазуудан баш тарткан. Ага карабастан аталган факт боюнча өзүнчө текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.