Бүгүн, 14-июнда саат 05:11де Жалал-Абаддын Токтогул районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматта айтылгандай, силкинүүнүн күчү Шиленкана айылында 3,5 балл, Кара-Жыгач, Торкен, Толук, Коргон, Бел-Алды, Сары-Сөгөт айылдарында 3 балл, Үч-Терек, Саргата, Кетмен-Төбө, Жар-Таш, Чогорчу, Ничке, Ноот айылдарында жана Токтогул шаарында 2,5 баллга сезилген.