Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция тарабынан гольф-кардын айдоочуларына карата рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында эки унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы убакта айрым айдоочулар жол чырактын кызыл түсүнө өтүп, эл көп жүргөн жана эс алуу жайларында кооптуу кыймыл жасап жатышкан. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен учурлар катталып, жабыркагандар ар кандай жаракаттарды алышканы маалыматта кошумчаланды.
Ушуга байланыштуу көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам бузгандарга чара көрүлүүдө.