Биз социалдык тармакта

Чолпон-Ата ат майданы жаңыланууда (видео)

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Маалымдалгандай, учурда VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жертөлө бөлүгү жана унаа токтотуучу жайлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Ошондой эле кафель жабдуулары алмаштырылып, инженердик тармактар толугу менен жаңыртылууда.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев объекттеги иштердин сапатына көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмаларын берди.
Маалымат үчүн: Чолпон-Ата ат майданынын тарыхы 1930-жылдардан башталат. Объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган.
Чолпон-Ата ат майданы жаңыланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан