Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз интимдик кызмат уюштурууга шектелген чет элдиктер аныкталды (видео)

Бишкек шаарында милиция мыйзамсыз интимдик кызмат уюштурууга байланышкан ишти токтотту.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандар башка мамлекеттерден аялдарды алып келип, аларды мыйзамсыз ишке тарткан. Алар кардар издөө, жолугушуу жайларын уюштуруу жана ташуу иштерин жүргүзүшкөн.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган чет өлкөлүк жарандар Х.Т (H.T.) жана Ч.Л. (C.L.), ошондой эле 1995-жылы туулган жаран Ж.В. (ZH.W.) аныкталып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Натыйжада Ж.В. аттуу жаран соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Тинтүү учурунда далилдер алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте мыйзамсыз интимдик кызмат уюштурууга шектелген чет элдиктер аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан