Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкерине карата кылмыш иши козголгонун билдирди.
Мекеме билдиргендей, кызматкер К.Ы.М. жеке ишкерден кызматтык абалын пайдаланып муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн системалуу түрдө акча каражатын алып жүргөндүгү аныкталган.
Натыйжада жеке ишкерден жалпы суммасы 195 миң сом мыйзамсыз алынган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.