Аксы районунда жоголгон 5 адамды издөө иштери уланып жатат. Алар 2014-жылдын 27-январь күнү Жайык айылынан ат менен мал издегени чыгышкан. Бирок үйлөрүнө кайтып келишкен эмес. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жоголгон адамдардын туугандарынын айтымында, алар айылдан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тас-Бел жайлоосуна барышкан. Ошол жерден издери токтоп, кар көчкү түшкөн. Андан башка издер табылган эмес. Көчкүнүн жанында атка арткан куржун табылган. Мындан улам жоголгон адамдардын туугандары кар көчкү басып калгандыгын болжошууда.
Жоголгондор:
1. Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;
2. Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;
3. Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;
4. Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;
5. Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган.