Биз социалдык тармакта

Кочкордо 30 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Кочкор районунда 30 миллион 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 15-июнда билдирди.
Аталган жер тилкеси Чолпон айыл аймагына караштуу Эрсары-Шайтан-Кашар участогундагы жайгашкан. Ал 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.
Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган. Мындан улам жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан