Укук коргоочу Азиза Абдирасулова күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июнда Ноокен районунун А.А. аттуу тургуну райондук тергөө кызматы тарабынан күбө катарында суракка чакырылды. Ал учурда күбө катары сурак берип жатат.
Облустук милициянын басма сөз кызматы кайсы иш боюнча күбө болуп жаткандыгын ачыктаган жок.
Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочунун кызы апасын милиция алып кеткенин жазып, билдирүү жарыялады.