
Өлкөдө орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 26-июнда тапшырылат. Бул тууралуу 15-июнда Агартуу министрлиги кабарлады.
Бул күнү 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылат.
Аталган иш-чараны өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги мектеп жетекчилерине жүктөлөт.
Ошондой эле акча каражаттарын чогултууга, кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.