
Чүй облусунда таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 2 административдик протокол түзүлүп, жалпы 46 миң сом айып салынган.
Министрлик ушундай мыйзам бузуу фактысы аныкталса 23 миң сомго чейин айып салынарын эскертти.