Биз социалдык тармакта

Кадамжайда 5 миллион сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 15-июнда облусттун милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, милицияга аталган райондун 27 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылы М.Ш. аттуу жаран анын 5 унаасын сатып берүүнү убадалап алып кеткенин жана 3 миллион 510 миң сом акча каражатын алдоо жолу менен алганын билдирген. Жалпысынан жабырлануучуга 5 миллион 295 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында М.Ш. аттуу Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан