
Эртең, 16-июндан тарта Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн 7-апрелден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.
Мэриядан билдиргендей, чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылын уюштуруунун убактылуу өзгөртүлгөн схемасын эске алууга чакырат.