17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу 15-июнда мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы:
- Темир жол линиясынан – Раззаков көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү – Панфилов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Гоголь көчөсү – Жумабек көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Осмонкулов көчөсү – Аламүдүн суусуна чейинки аймак.
- Көк-Жар суу топтомосунан – Горький көчөсүнөн төмөн жагы – Толстой көчөсүнө чейин – Матросов көчөсүнүн батыш тарабы – 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы.
- Горький көчөсүнөн – 7-апрель көчөсү – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Суванбердиев көчөсү – Шүкүров көчөсү – Скрябин көчөсү – Бектенов көчөсүнө чейинки аймак.
Өчүрүү иштери Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.