Курулуш министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарындагы тарыхый музейде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт.
Реконструкциялык иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда. Учурда объектте демонтаж иштери толугу менен аяктап, негизги оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.
Министр Орунтаев курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, тарыхый-архитектуралык мурастын сакталышын камсыз кылуу, реставрация иштерин жогорку деңгээлде аткаруу жана бардык иштерди графикке ылайык өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Башкы планга ылайык, музей комплекси жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн үч корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ички жасалгаларын жаңылоо, архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана инженердик тармактарды толук модернизациялоо каралган.
Азыркы тапта объекттин айланасын тосмо менен тосуу иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле тазалоочу курулмалар орнотулду.