15-июнда “75чилердин каты” боюнча өткөн соттук отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди. Отурум учурунда ал айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышты.
Талаш Сурабалдиеванын буга чейин берген маегинде Ташиевди бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айтканына байланыштуу чыкты. Ташиев бул пикирди саясий көз караш деп атап, анын фактыларга негизделбегенин билдирди.
Судья тараптарды иштин маңызы боюнча сүйлөөгө чакырып, талкууну токтотту. Учурда “75чилердин каты” боюнча соттук процесс ачык режимде өтүүдө.