Бишкекте бүгүн, 16-июндан тарта Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылды.
Мындай чектөө жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу киргизилди.
Бул бөлүктө жүрүп жаткан иштерге байланыштуу №23 жана №203 автобус каттамдарынын маршруттары
убактылуу өзгөртүлдү.