Ырчы Алмаз Шаадаев менен жубайы Жумагүл алгачкы наристесин күтүшүүдө. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Андагы маалыматка караганда, жубайлар уул күтүп жатышат.
"Жаңы жашым менен чогуу келген кубанычыбыз. Жаратканга шүгүр", - деп жазган ырчы.
Түгөйлөр былтыр ноябрь айында баш кошушкан.