Министрлер кабинети "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү документке өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, бул жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сом болуп белгиленди. Токтом ушул жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Ушуга байланыштуу тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Ата-энелерге жөлөк пул тууралуу маалымат медициналык кызматкерлер тарабынан үйгө барганда жана пландуу эмдөөлөр учурунда алдын ала берилет.