Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Н тайпасындагы 1-турда беттешкен Испания Кабо-Верде курамасынын дарбазасына 27 сокку уруп, анын 7си так багытталды. Бирок бул беттеште Кабо-Верденин дарбазачысы ишенимдүү оюн көрсөтүп, голдордун дарбазага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок.
Муну менен 40 жаштагы дарбазачы Возинья бул оюндун мыктысы аталды.
Возинья Дүйнө чемпиондугунда “кургак” оюн өткөргөн эң улуу курактагы дебютант дарбазачы болуп тарыхта калды. Андан улуу куракта мындай көрсөткүчкө болгону эки дарбазачы жетишкен. Алардын бири англиялык Питер Шилтон, экинчиси италиялык Дино Дзофф.
Эскерте кетсек, алгачкы ирет Дүйнөлүк биринчиликке катышып жаткан Африка өлкөсүнүн Испания менен болгон оюну тең чыгуу менен аяктады. Алдыда аларды Уругвай жана Сауд Арабиясынын курама командалары менен боло турган оюндар күтүп турат.