Биз социалдык тармакта

Албаниянын президенти биринчи жолу Кыргызстанга расмий сапары менен келет

17-19-июнда президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Албаниянын өлкө башчысы Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт, ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашышат.

Албаниянын президентинин расмий сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болуп жатканы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан