Биз социалдык тармакта

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 16-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев төрагалык кылып, ага бөлүм башчылары жана ведомстволук дирекциялардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланып, уюштуруу маселелери, жооптуу түзүмдөрдүн өз ара кызматташуусу, иш-чараларды өткөрүү боюнча милдеттер жана алдыдагы пландар каралды.

Мындан тышкары жооптуу тараптарга бир катар тапшырмалар берилип, даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча сунуштар айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан