Айыл чарба министринин орун басары Алмаз Жээналиев Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Анда суу чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Жээналиев Суу чарбачыларынын мектебинин, китепкана комплексинин жана Ирригация жана суу көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле композиттик материалдардан жасалган сугат лотокторун өндүрүүчү ишкананы көрүп чыкты.
Тараптар суу ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.