Биз социалдык тармакта

Курулушту убагында бүтүрбөгөн компанияга чара көрүлдү (видео)

Бишкек шаарында Каралаев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу турак үй узак убакыттан бери пайдаланууга берилбей, үлүш ээлеринин нааразычылыгын жаратып келген.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, келишим боюнча турак үйдүн курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын II кварталында толук аякташы керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга берилген эмес. “Көчмөн Сити” ЖЧКсы кечигүүнү убактылуу каржылык кыйынчылыктар менен түшүндүргөн.
Мындан тышкары курулуштагы техникалык жана ченемдик талаптар да толук аткарылбагандыгы аныкталган.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, объектти жакынкы мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырма берилди.
Курулушту убагында бүтүрбөгөн компанияга чара көрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан