Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында майыптыгы бар балдардын алиментинин өлчөмүн көбөйтүп берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү бул сунушу менен өкмөткө кайрылып, буга майыптыгы бар балдардын чыгашалары салышмармалуу көп болорун жүйө келтирди.
"Жалгыз бой майыптыгы бар балдардын баккан энелер көп. Алар ассистент катары 8 миң сом айлык алышат экен. Майыптыгы бар балдарды дарылоо жана ар түрдүү процесседураларга алып баруу менен чыгашалары көп болот.
Мындан улам дарылоо каражаттарын эске алуу менен алименттин өлчөмүн көбөйтүп берсе", - деди Мавлянова.