Биз социалдык тармакта

Курч ичеги-карын оорулары жай айларында күч алат. Дарыгердин кеңеши

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы беш айында курч ичеги инфекцияларына чалдыккандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 13,6 пайызга көбөйдү.

Быйылкы жылдын январь–май айларында өлкө боюнча 9881 учур катталса, 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 8549 болгон. Ооругандардын басымдуу бөлүгүн — 78,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Дарыгерлердин айтымында, ичеги инфекциялары көбүнчө жай мезгилинде күчөйт. Оорунун эң жогорку көрсөткүчү август айында катталат. Буга аба ырайынын ысышы, азык-түлүктүн тез бузулушу, булганган сууну колдонуу жана өздүк гигиенанын сакталбашы негизги себеп болууда.

Курч ичеги-карын инфекцияларынын келип чыгуу себептери:

  • Абанын температурасынын жогорулашы: Ысык аба-ырайлуу күндөрү бактериялар тамак-аш азыктарында, өзгөчө сүт азыктарында, эт тамактарында, салаттарда жана сууда тезирээк көбөйөт.
  • Булганган сууну колдонуу: Жайында адамдар арыктардын, булактардын, дарыялардын жана башка борборлоштурулбаган булактардын суусун көбүрөөк колдонушат.
  • Азык-түлүктөрдү сактоо эрежелеринин бузулушу: Муздаткычта сакталбаганда же ысыкта ташылганда тамак-аш тезирээк бузулат.
  • Өздүк гигиенанын төмөнкү деңгээли: Жуулбаган колдор, жашылчалар, мөмө-жемиштер жана жер-жемиштер ичеги-карын инфекцияларынын жайылышынын негизги себептеринин бири болуп саналат.
  • Чымындардын көбөйүшү: Чымындар ичеги-карын инфекцияларын козгоочуларды механикалык түрдө ташуучулар болуп саналат жана жылдын жылуу мезгилинде өзгөчө активдүү болушат.
  • Калктын өз ара байланышынын көбөйүшү: Жайкы эс алуу, базарлар, массалык иш-чаралар жана саякаттар инфекциянын тамак-аш жана суу аркылуу жугуу коркунучун жогорулатат.

Курч ичеги-карын инфекцияларын алдын алуу чаралары:

  • Тамактанар алдында, дааратканадан кийин жана көчөдөн келгенде колду самындап кылдат жууш керек.
  • Жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жана көк чөптөрдү коопсуз суу менен жуу зарыл.
  • Кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана ичүү керек.
  • Уруксат берилбеген, башаламан соода жүргүзүлгөн жерлерден азык-түлүк сатып албоо зарыл.
  • Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды колдонбоо керек.
  • Муздаткычта тамак-аш азыктарын сактоо эрежелерин так сактоо зарыл.

Коомдук деңгээлдеги чаралар:

  • Ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөө.
  • Коомдук тамактануу жана соода объекттерине санитардык көзөмөл жүргүзүү.
  • Чымындар менен күрөшүү жана аймактарды таза кармоо.
  • Оорулууларды өз убагында аныктоо жана изоляциялоо.
  • Калк арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.

Адистер ошондой эле көчөлөрдө башаламан соода жүргүзүү, жашылча-жемиштерди талаптагыдай жуубоо, азыктарды туура эмес сактоо жана чымындардын көбөйүшү инфекциянын жайылышына шарт түзөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан