Баткендеги Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы дары-дармек кампасы курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Кампа дары-дармек каражаттарын тийиштүү шарттарда сактоого, медикаменттердин эсебин жана логистикасын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Аны мекеменин жетекчиси Орозбек Муратов демилгелеген.