Биз социалдык тармакта

Караколдогу Пушкин сейил багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аянты 7,5 гектар болгон 100 жылдык тарыхы бар сейил бак толугу менен жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жайына айландырылууда.

Учурда 12 аттракциондун курулушу аяктап, административдик имарат пайдаланууга даяр. Амфитеатр, кафетерий жана башка объектилерде курулуш иштери уланууда. Ошондой эле велосипед жолу, унаа токтотуучу жайлар курулуп, аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында сейил бакка заманбап аттракциондор, фонтан, балдар лабиринти, спорттук жана эс алуу аянтчалары жайгаштырылат.

Реконструкция иштери 2026-жылдын февраль айында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан