Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Өзбекстандагы иш сапарын жыйынтыктап, Орусияга жөнөп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 16-17-июнда Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында ал алгач Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Борбор адамдарды, идеяларды жана заманбап технологияларды бириктирген эл аралык аянтча катары иш алып барат.

Андан соң Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары Касымалиев Азербайжан, Беларус, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөт башчылары менен бирге Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборуна барып, тарыхый жана маданий мурастар менен таанышты.

Иш сапардын экинчи күнүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун пленардык жыйынына катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, форумга Албания, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары, ошондой эле дүйнөдөгү ири корпорациялардын жана эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Өзбекстандагы иш сапарын жыйынтыктагандан кийин Адылбек Касымалиев Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан