Бишкекке жана Ысык-Көл облусуна Юбилейлик 40-эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучулары жана коноктору келе баштады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумга дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда. Иш-чара 1986-жылы белгилүү жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген.
Форум президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өткөрүлүп, дүйнөлүк интеллектуалдар, саясатчылар, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү үчүн ачык диалог аянтчасы катары кайра жандандырууга багытталган.
Бул жылдагы негизги максат - Айтматовдун гуманитардык мурасын заман талабына ылайык жаңылоо, анын идеяларын санарип доордун чакырыктарына шайкеш келтирүү. Ошондой эле форум адамзаттын көйгөйлөрүн, жасалма интеллекттин этикалык маселелерин жана глобалдык бөлүнүүнү талкуулоо үчүн аянтча болуп кызмат кылат.
Форумга Кытай, Украина, Казакстан, Татарстан жана Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү баштаган белгилүү жазуучулар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышууда.
Расмий ачылыш аземи 18-июнда Ысык-Көл облусунда өтөт.