15-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Э.М. Ысык-Көл РИИБге арыз менен кайрылып, чет өлкөлүк жаран Л.Ю. анын аброюна шек келтирип, денесине зыян келтирип, бетине түкүргөнүн билдирген.
Арыз Ысык-Көл РИИБинин МЭЖне катталып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда Э.М. Ысык-Көл районундагы курулуш компанияларынын биринде котормочу болуп иштей турганы аныкталган. Окуя ошол эле күнү, 19:13 чамасында, ал сейилдеп жүргөн учурда болгондугу такталган.
Факт боюнча дене жаракаттарынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бүгүн, 17-июнда экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Ысык-Көл РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.Ю. аныкталып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.