Биз социалдык тармакта

Агартуу министри ЖРТдан эң жогорку упай алган окуучу менен байланышып куттуктады

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку 239 упай топтогон бүтүрүүчү Айдай Абылаеваны телефон аркылуу куттуктады.

Маалыматка ылайык, Айдай Абылаева Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү.

Министр ага окуусунда жана келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган билимдүү жаштардын саны көбөйө беришине тилектеш экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан